Сузак районунун Каринген айылында жер көчкү түшүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көчкүнүн болжолдуу көлөмү 230 миң 400 метр куб.
Маалыматка караганда жер көчкүнүн түшүүсү менен, аталган айылдагы ички чарбалык жол, Каринген сайы тосулуп калышы мүмкүн.
"Жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймакка тиешелүү адистер барышып, мониторинг жүргүзүп жатышат. Жер көчкү көзөмөлгө алынды", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.