Нарын облусундагы тоютсуз калган аймактарга жардам көрсөтүлө баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 12-14-март күндөрү болгон катуу шамалдан Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолунда кар күрткүлөрү пайда болуп, Ак-Сай өрөөнүнө баруучу жол жабылып, “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Аталган өрөөндө жааган кардын көлөмү белгиленген нормадан көп болгондуктан малчыларга тоют жеткирүү максатында Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолун ачуу зарылчылыгы келип чыккан. 22-мартта атайын техникалардын жардамы менен Көк-Кыя участкасына чейин жалпысынан 115 чакырым унаа жол тазаланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 23-мартта кабарлады.

"23-мартта саат 07:30да ӨКМнын министри Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районунун жана Ак-Сай өрөөнүндөгү жергиликтүү калкка тиешелүү жардамдарды көрсөтүү максатында, жеринде кечиктирилгис жардам уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, чөп жүктөп бара жаткан унаалардын 4өө Үсөлөк участкасындагы кыштоолорго чөптөрүн түшүрүп кайтышкан. Ал эми 8өө жол ачып бара жаткан техникалардын артынан ээрчип жүрүшөт. Мындан сырткары Көк-Айгыр чек ара постунда 2 унаа жолдун ачылышын күтүшүүдө.

"Ош шаарындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборунун кампасынан 1 КамАЗ азык-түлүгү менен Ат-Башы районуна жана Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган жашоочуларга жөнөтүлдү. 21-мартта ӨКМнын мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунун 4 куткаруучусу 2 даана карда жүрүүчү унаа (снегоход) менен, Райондук ооруканадан медицина, ветеринардык жана айыл чарба кызматкерлери 1 УАЗ унаасына азык-түлүк жүктөшүп, Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолунун 27-чакырымында жайгашкан Көк-Айгыр чек ара постуна жетип жайланышкан", - деп кошумчалашкан министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuke1988
2017-03-23 16:43:06
биздин устудо отурган ХХХ ушундай кылып ачка калтырыш керекар жакка тарап оттоп келиш кандай екенин билет еле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан