18-августта Түркиянын Самсун шаарында өтө турган бийчилердин эл аралык фестивалына кыргызстандык “Береке” бий ансамбли аттанат. Бул тууралуу “Сейтек” балдар борборунун директору Сабийра Челпакова аталган бий тобунун концерттик кечесинде айтты.
“Мен бул топтун бийчилеринин өнөрүн баалайм. Ал эми жетекчиси Айнура Кыдыралиеванын эмгеги абдан зор демекчимин. Бүгүн анын күжүрмөн эмгеги үчүн Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин Ардак грамотасын тапшырам. Мындан сырткары топтун кыздарына Түркиядагы эл аралык фестивалга катышууга жолдомону тапшырам”,- деди директор айым. Айта кетсек, аталган фестивалга 15тен ашуун өлкөнүн бийчилери катышмакчы.