Бишкекте 26-мартта велосипедчилердин жүрүшү болот

26-март күнү Бишкек шаарында веложүрүш болот. Жүрүштүн катышуучулары Манас жана Чүй проспектилери, Бөкөнбаев көчөлөрү аркылуу өтүшөт. Ал эми жүрүштүн финиши – Жеңиш сейил багы.

Жүрүштүн соңунда концерттик программа тартууланат. Андан соң Орто-Сай айылында көңүл ачуу оюндары өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиргендей, бул жарышка бардык каалоочулар катыша алышат. Аларга коюлган талап, атайын баш кийим кийип келүү. Маалым болгондой, веложүрүштү Патрулдук милициянын унаасы коштоп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан