SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бутум баспаган майып болсом да үйлөнгүм келет, бирок..." деген тема талкууга алынды.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Баспай калганыма көп жыл болду, ошого карабай үй-бүлө күткүм келет, бирок мага тийчү кызды эч эле элестете албайм".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тең - теңи менен, тезек - кабы менен" дегендей, майып болсоң ким тиймек эле сага, азыр кыздар чөнтөгүнө карап тиет, бул чындык да".
"Беш манжа тең эмес" деген сөз бар, авторду түшүнө турган теңи табылып калар. Өзгөн шаарында Бакыт деген эки көзү тең азиз бала бар, үй-бүлөсүн материалдык жактан "жакшы" деп айтууга болбойт. 2012-жылы алты саны аман кызга үйлөндү, эки балалуу болушту, ал эки баласынын тең көзү көрбөйт, бирок азыркы күндө көз тийбесин, бактылуу жашап жатышат".
"Сүйүүнүн көзү сокур" дейт элибизде, андыктан эч кайгырбаңыз, сиздин да бешенеңизге жазылган суйкайган сулуу бийкеч бардыр".
Буттары баспай жүрүп, басып кеткен адамдар толтура. Эң негизгиси үмүттү үзбөө керек. Дартты дагы Кудай өзүнүн сүйгөн пендесине берет экен. Ал эми үй-бүлө курууга, бактылуу болууга эмнеге болбосун? Сүйүп калган адам эч нерсеге карабайт".
"Дуба кылыңыз. Балким, турмуштан ажырагандар менен турмуш куруп каларсыз".
"Кеңеш берүүгө жаштык кылам, колумдан жардам берүү келгени менен, бере албайм. Дүйнөдөгү эң арзан, бекер нерсе бул жакшы сөз, мына ошону мен сизге чын дилимден бере алам. Аллахым ар бир адамды бактылуу кылсын, бутуңуз баспаганы менен көзүңүз көрүп, кулагыңыз угат эмеспи, шугур кылыңыз. Адам эч качан өзүнөн бийик тургандарды карап өсө албайт, өзүнөн ылдый тургандарды көрүп тобо келтирип, жашоосу керек".
"Өзүңүз жөнүндө кененирээк жазып коё бериңиз. Алек болгон жумушуңуз барбы, эмнеге кызыгасыз, балким, үй-бүлөнү каржылай алаттырсыз? Кыргыздын кыздары аябай түйшүккө бышкан, түшүнүктүү, көтөрүмдүү келет. Алты саны аман эрлерди деле багып, өздөрү иштеп жүрүшөт. Беш кол тең эмес, төгөрөгү төп келген кыз болбосо да, сөзсүз бир кыз чыгарына ишенип турам. Сиз тартынбай өзүңүз жөнүндө дагы жазып өтүңүз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.