Google компаниясы пайдалуу маалыматтардын топтомун тез ачууга ыңгайлашкан белгилерди (ярлык) иштеп чыкты. Компания гаджеттер үчүн тиркемелерди колдонуунун оңой жолдорун талыкпай изилдеп келишет. Бул ирет Google маалымат издөөчү желеси үчүн эң маанилүү жана пайдалуу маалыматтарды оңой таап алуучу кошумча белгилерди иштеп чыкты.
Мисалы, Google маалымат издөөчү желесине сиз аба ырайы, валюталар курсу, "Google-котормочу", дүйнөлүк спорттук мелдештердин жыйынтыктары тууралуу жазып издебестен, даяр белгини басып гана экранга чыгарып алсаңыз болот. Мындан тышкары ошол эле жакынкы тамактануучу түйүндөр, мейманканалар, авиакомпаниялардагы каттамдардын башкарылышы жана билеттердин баалары тууралуу да алдын ала билсе болот.
Белгилердин кызматынан пайдалануу үчүн телефонуңуз Android же iOS операциондук системинде болушу шарт. Ошондой эле Google.com. компаниясынын веб-версиясынан да колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Айта кетчү жагдай, бул пайдалуу ярлыктар азырынча АКШнын аймагында гана колдонулуп баштады. Келечекте компания жаңы белгилердин кызматын башка өлкөлөргө да таратууну пландоодо.