Дубайда дүйнөдөгү эӊ кымбат делген чизбургер 10 миӊ долларга сатылды

Дубайда дүйнөдөгү эӊ кымбат делген чизбургер 10 миӊ долларга (690 миӊ сомдой) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда мындай кымбат баалуу фастфудду даярдоого башкы ашпозчуларга шейх Мухаммед бин Абдулла Аль Тани жардамга келген. Тамак өлкөнүн жети эмиратын эске салган жети кесик уй этинен, чеддер сырынан жана булочкадан жасалган.

Чизбургерди бай жашоо образын чагылдырган басылманын ээси Асма Аль Фахим сатып алган.

Сатуудан түшкөн каражат көкүрөк рагы тууралуу маалыматты топтоого, аны алдын алууга багытталган иш-чараларга жумшалган. "Мындан 2 жыл мурун бир чизбургерди 7 миӊ долларга сатып, дүйнөлүк рекорд койгон элек. Бул жылы андан да ашып өтүүнү максат кылганбыз", - деп билдирген шейх Аль Тани.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
anuvar0903
2017-03-24 10:45:23
5минутта жейт ошо менен оомийн 690мин жок
+6
kama_future_millioner
2017-03-24 10:49:13
Мына сага
+3
alwaysmika10
2017-03-24 11:06:29
бул жерде кайрымдуулук ж.до соз болуп жатат. башкы тема чизбургер эмес
+9
gulmira12345
2017-03-24 11:40:14
кара пиар атын чыкпаса жер ортто
-5
jaka92
2017-03-24 13:58:39
Бир ок менен эки коенду атышыптыр,биринчиси гинесске кирсен,экинчиси кайрымдуулук кылып.
+3
sirenaaaaa
2017-03-24 13:59:05
Соз жок
0
Elaman993
2017-03-24 14:08:16
Бир отуруп 690миң сом жеп койсоң элестет
0
Adi.Avazbekov
2017-03-25 10:12:47
Көк мэээ
-1
machobek17
2017-04-01 22:48:31
Байлар акчаларын кайда иштетишти билбей калышыптыр Аллах байлыкты сынап берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан