SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Гамбургер, фастфуд жөнүндө..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Пайдасы убакыт аз кетет, зыяны ашказан жарасын пайда кылат, өлүмдү жакындатат. Бир чети зыяны деле жакшы окшойт, ушул жашоодо урунуп жүргөнчө, Кудай менен бир аз да болсо эртерээк саламдашып калат экенбиз".
"Дайыма жеп жүргөндөрдүн катарына кирбейм, себеби анын зыяндуулугу көп дегенден улам эмес. Бир курбум бар, ал бир кафенин гамбургерин сүйөт, бир гана ошол досум менен кез-кезде жеп коймой адатым бар".
"Оо, фастфуд, акчаң азда, жумушка же бир жакка шашып бара жатканда алмашкыс тамак, зыяны болсо болгондур, негизи биз жеген тамактардын баары бир нерсеге болбосо, башка нерсеге зыян болсо керек".
"Макдоналдсты тим эле сүйүп жейм, бирок аябай аз жейм, ошондо да ичиндеги "наркотиги" бир жегенде эле тартып алат".
"Фастфуддун тизмесиндеги тамактарды алсак, мисалы, ход-дог, анын ичиндеги сосиска жакшы дейсиздерби, эң арзан сосискаларды, боёгучтарды, даам чыгара турган ар кайсы химиялык кошулмаларды кошушат. Анан ичине майонез, кетчуп куюлат. Эми, албетте, жеш же жебеш керек экендигин ар ким өзү чечет".
"Кептин баары "булкада", башкача жасалат".
"Эки жыл мурда жеп баштагам, бир жылдай колдун тамагын ичпей калгам, анан он беш килограмм кошкондо "кой" дегем. Бирок аябай даамдуу, ээ?"
"Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, рак оорусуна чалдыккандардын 35 пайызы туура эмес тамактануудан, ал эми 30 пайызы тамеки чегүүдөн, 10 пайызы инфекциялык факторлордон улам ушул дарт менен ооруп калышат. Заманбап жашоо шартында бизде да шаурма, гамбургер, сосиска, колбаса, сагыз, чипсы, чупа-чупс жана газдалган суусундуктар ченемсиз колдонулуп кетти. Төмөндө аты аталган тамак-аштардын жана суусундуктардын баары адамды шал оорусуна, ашказан рагына, боор, өт жана тукумсуздук ооруларына алып келери аныкталган. Анткени буларды эң арзан жана жегенге мүмкүн болбой калган эттерден жасашат, бул биринчиси. Экинчиси - жасалып жаткан тамак эмненин этинен экени жасап жаткандардан башкаларга белгисиз бойдон калат. Үчүнчүсү - азыктагы жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн, тамактарга жыпар-жыттуу химикаттардын ар кандай түрлөрү кошулат. Ошондой эле ал тамактарга кошулган кетчуп менен майонездин сапаты абдан начар, баасы эң эле арзан болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.