7 облустун башчыларына кооптуу кырдаалдарга даярдануу тапшырмасы берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 25-мартта 7 облустун башчылары менен кеңешме өткөрдү. Талкууланган тема - чукул кырдаалдардын алдын алуу, жазгы тазалоо жана жашылдандыруу иштери. Өкмөт жетекчиси салтка айланып калган ишембиликтерди жандандырууну буюрду.

"Ишембиликтер көчөт отургузуу менен коштолот. Бирок алар талаптагыдай каралбай калат. Эгерде мурда тигилген көчөттөргө тийиштүү кам көрүлгөндө, анда мекенибиз джунгли сыяктуу эбак эң жашыл мамлекетке айланмак. Тигилген көчөттөргө кам көрүү, өз убагында сугарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деди Жээнбеков.

Премьер-министр апрель айында өлкөнүн түштүк аймагында жаан-чачын нормадан көп жаашы күтүлүп жатканын, мындан улам чукул кырдаалдарга даяр туруу керектигин айтат. Облус башчыларына кооптуу кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү нөөмөт уюштуруу тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
KGstan1981
2017-03-25 13:21:21
Койгула элди антип алдабагылачы тонкоруш болуп кетпесин деп даярдангыла сак болгула деп айтсаныз чындыкка дал келет анда эмнеге заседаниеде коопсуздук боюнча вице пр.министр Жениш Разаков олтурат.
+14
dina1983-19
2017-03-25 13:25:28
KGstan1981, туура айтасың эл көтөрүлүп кетишинен коркуп отурушат. Кокус президентти кууп чыкса каякка барат экен аа Турция Казакстан Россия АКШ точно кабыл албайт
+13
Adiletto
2017-03-25 20:39:30
Аа коркуп атканский да
+2
Namystan
2017-03-25 13:25:49
KGstan1981, андай болууга себеп жок, озун кой, жашоо улана берет
-13
KGstan1981
2017-03-25 13:30:13
Namystan,Эмне учун анда кочот эккиле десе анда ал заседанияда коопсуздук боюнча б-ча вице пр.министр Жениш Разаков олтурат айтчы мага.
+11
Jentelman
2017-03-25 15:36:16
KGstan1981,Ал министр чындыкты айтып жатат.
Аа сенчи сындагандан башка эмне билесин.
Бир туп тигип кордун беле деги?
-5
KGstan1981
2017-03-25 16:01:39
Jentelman,Мен ошол сен мактаган чындыкты айткан министр жана президент Кыргызстанымда бир дагын завод фабрика ачпаган учун чет олкодо мен жана мени менен кошулуп милион кыргыз эли кара тери менен жумуш этип Кыргызстанымга акча инвестиция жонотуп жатабыз.А сен болсо ошол аткаминерлердин дежуру окшойсун.
+4
Nazar76
2017-03-25 18:17:37
KGstan1981,Жеенбеков сен озун Ошто губернатор болуп турганда кыйратпадын эле калганына акыл уйротуп эмне кыласын деймда жээ айтып койду болдуда
+2
tyrgon
2017-03-25 13:46:22
кандай жейбиз депаататго чото
+1
Meruet84
2017-03-25 14:22:43
Туугандар жакшы ниетте бололучу, ызы чуу, тополоң болсо кимге пайда бермек эле. Карапайым элге кыйын, а аны каалагандар кечээ кандай болсо, бүгүн, эртең деле ошол бойдон калышат.
+2
almazbei
2017-03-25 14:43:06
Мындан коро завод фабрика ишканаларды ачалы,элди жумуш менен камсыз кылалы деп чогулуп суйлошушсо жакшы болмок?!
+2
Krai
2017-03-25 14:49:36
Бир нерсени коргону калышты буларын чекеден эле камашып
+1
erjmax21
2017-03-25 14:53:22
адаттагыдай, талаптагыдай эмес туура жазсанар админ.
+1
madina.87
2017-03-26 03:38:49
Этияттап суйлогуло ,болбосо силерди да УКМК кармап кетет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан