Курулуш башкармалыгынын дачаларында жашаган жашоочулар митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Малика Усенова билдирди.
"Биз буга чейин учак кырсыгынан жабыркагандардын талаптарын орундатуу боюнча митингге чыгып, 10 күн мөөнөт берген элек. Андан бери бийлик эч кандай аракеттерди көргөн жок. Бүгүн биз кайрадан митингге чогулдук. Бул жолу 300гө чукул жергиликтүү жашоочулар чыгышты. Талаптарыбыз коопсуз жерге көчүрүү жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү", - деп билдирди Усенова.
Маалыматка ылайык, митингге чыккандар тарап кетишти.
Эске салсак, буга чейин 14-мартта учак кырсыгынан жабыркаган 200дөй жергиликтүү жашоочулар нааразычылык митингине чыгышкан.