Былтыр жарандар президентке соттордун жана милициянын иштери боюнча көп кайрылышты (статистика)

2016-жылы президенттин аппаратына келип түшкөн 8228 кайрылуулардын 3803ү (46,2 пайыз) көзөмөлгө алынды, алардын 3590у аткарылды (94,4 пайыз), 213 жарандын кайрылуулары (5,6 пайыз) аткарылууда. Бул тууралуу аталган аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4425 кайрылуу (53,8 пайыз) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

2016-жылдын ичинде президенттик аппаратка түшкөн бардык 8228 кайрылууну аймактар боюнча бөлгөндө, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болууда:

Бишкек шаарынын тургундарынан - 3549 (43,1 пайыз),
Чүй облусунан – 1262 (15,3 пайыз),
Ош облусунан жана Ош шаарынан – 972 (11,8 пайыз),
Жалал-Абад облусунан – 693 (8,4 пайыз),
Ысык-Көл облусунан – 544 (6,6 пайыз),
Нарын облусунан – 348 (4,2 пайыз),
Баткен облусунан – 250 (3 пайыз),
Талас облусунан – 193 (2,3 пайыз),
Башка өлкөлөрдөн – 417 (5,1 пайыз).

Маалым болгондой, жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 2730 кайрылуу (32,2 пайыз);

- турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 1058 (12,5 пайыз);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 829 (9,8 пайыз);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 692 (8,2 пайыз);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 361 (4,3 пайыз);

- насыяларды жоюу жана мөөнөтүн узартуу, насыяларды берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) – 212 (2,5 пайыз);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 191 (2,3 пайыз);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 166 (2 пайыз);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 94 (1,1 пайыз) кайрылуу.

Ал эми калган 2131 жарандардын кайрылууларында (25,2 пайыз) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан