26-мартта Орусиянын бир катар шаарларында коррупцияга каршы митингдер өткөрүлдү. Ага Алексей Навальный жүргүзгөн иликтөөлөр негиз болгон. А.Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү фонду март айынын башында Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге тиешелүү мүлк жана анын катыштыгы бар делген коррупциялык иштер боюнча иликтөөнү жарыялаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Жогоруда айтылган иликтөө боюнча премьер-министр тарабынан эч кандай реакция болбогону үчүн Навальный орусиялыктарды митингге чыгууга чакырган. Нааразылык акциялары Москва, Санкт-Петербург, Түштүк-Сахалин, Иркутск, Красноярск, Томск, Екатеринбург, Челябинск, Махачкала, Сибирь, Урал жана башка шаарларда өткөрүлгөнү маалым болду. Митингчилер Дмитрий Медведевден иликтөөдө айтылган айыптоолор боюнча жооп берүүсүн талап кылышкан.
Маалыматка караганда полиция кызматкерлери жүздөгөн митингчилерди күч колдонуу менен кармап кеткен, анын ичинде уюштуруучу Навальный дагы бар. Москва шаарында 500дөй адам кармалган. Аларга нааразылык акцияларын өткөрүүдөгү эрежелерди бузуу беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлөрү айтылды. Ал эми Махачкаладагы митингде 156, Краснодарда 100, Петербургда 50дөй, ошондой эле Сибирь жана Уралда дагы ондогон адам кармалганы айтылууда.
А.Навальныйдын коррупцияга каршы күрөшүү фонду жарыялаган иликтөөдө өкмөт башчы Д.Медведев Орусиянын бир катар элиталык аймактарында кыймылсыз мүлккө (жер тилкелери, яхталар, заңгыраган үйлөр, агрардык комплекс, өлкө аймагында жана чет мамлекетте жүзүм иштетүүчү компаниялар) ээлик кылары айтылат.Өкмөт башчынын басма сөз кызматы жарыяланган материалды шайлоо алдындагы иш аракет деп баалаган.
Алексей Навальный - саясатчы жана коомдук ишмер. Мамлекеттик дума жана Москванын шаар башчылыгы кызматына талапкерлерин коюп келген, келечекте президенттик шайлоого да катыша тургандыгын айтканы бар.