Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Иу шаарынын тургунунун ашказанына козу карындар өсүп кетип, дарыгерлер аны операция жолу менен жок кылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда 50 жаштагы аял ашказанынын ооруп жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Ак халатчандар анын тамак сиңирүү системин эндоскоп менен текшерип, ашказанына козу карындар өсүп жатканын аныкташкан. Козу карындардын эң чоңунун узундугу 7 сантиметрге жеткен.
Басылмаларда, аял кургатылган козу карындарды сууга салып жибитпей эле бышырып жей бергендиктен, бул ооруга чалдыкканы жазылган.