Чүй-Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктө иштеген соодагерлер өтмөктү оңдоого каршы чыгышууда

Чүй-Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктө иштеген соодагерлердин саны кыскарат. Мындай маалыматты бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Муниципиалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Оморов билдирди.

"Бүгүнкү күндө өтмөктөрдө соода кылган соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул жер заман талабына ылайык оңдолгондон кийин соода жайлардын саны кыскарат. Ал эми оңдоо иштери бүткөндөн кийин ижарага берүү маселеси каралат. Азырынча ал баскычтарга жете элекпиз. Маалымат үчүн айта кетейин, биз бул жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдү жоопкерчилиги чектелген коомго ижарага бергенбиз. Ал бизге айына 45 миң сом гана төлөйт. 15-апрелге чейин айрым кичи дүкөндөрдү жок кылууга мөөнөт бергенбиз. Андан соң жумуштар башталат. Курулуш иштери 31-августка карата жыйынтыкталмакчы", - деп билдирди Оморов.

Чүй-Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктүн соодагерлери мэриянын оңдоп-түзөө аракеттерине каршы. Алар бөлүнгөн 37 миллион сомго "футбол аянтын, ат майданын оңдоого жумшасын" деген ойлорун айтышууда.

"Биз бул соода жайында 25 жылдан бери иштеп жатабыз. Убагында таштандыга толуп, селсаяктардын жатагына айланган жайды оңдоп-түзөп ишке киргизгенбиз. Жыл сайын соодагерлер өзүбүз оңдойбуз. Учурда бул жайды капиталдык оңдоого зарылчылык жок. Бишкек шаардык мэрия кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн элди чыгарып, ал жерди оңдоп кайрадан сатууну көздөп жатат. Биз ага каршыбыз. Мындан улам баарыбыз чогулуп, президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына кат аркылуу кайрылганбыз. Оңдуу жооп болбосо митингге чыгабыз", - деп билдирди соодагер Чолпон Рахимова.

Маалыматка ылайык, Чүй-Абдырахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү жолдо 82 соода жайы бар. Мындагылар ай сайын жер салыгы үчүн 260 миң, патент үчүн 106 миң сом төлөшөт. Мындан сырткары электр энергия, таштанды, кароол жана башка чыгымдар үчүн жылына мэрияга 5 миллион сомдон ашуун төлөм төлөшөт. Ал эми 25 жылда 140 миллион сомдон ашуун каражат төлөшкөн.

Өтмөктөрдүн оңдолушу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгына байланыштык. Башкармалыктын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Бүгүнкү күндө Чүй-Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер өтмөккө 37 миллион, Чүй-Манас көчөсүнүн кесилишиндеги жер өтмөккө 33 миллион сом шаардык мэриянын бюджетинен бөлүнгөн. Жакында оңдоо иштери башталат. Өтмөк заман талабына ылайыкташтырылып гранит таштар менен кооздолот. Жарыктандыруу, майыптар үчүн пандустарды ыңгайлаштыруу, ошондой эле бир тарабына атайын сүрөт галлереясы орнотулат".

Буга чейин Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы өтмөктөрдүн эскиздерин жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kubanuych
2017-03-27 15:30:25
Байтик баатыр южный магистрольдагы подземканы ондобойбу ал жакта пайда тушпой калабы чондорго
0
Adidas_91
2017-03-27 15:31:12
Элдинда талабын угуп бирок өтмөктү оңдогонуңар оңго дейм. Адамдар Бишкеке барып айланып шаар көрүп келели дегендей болсунчу.
+2
Bubu88
2017-03-27 15:35:02
Элдер эмне болуп калган бар тапкан сөздөрү эле митинг болуп калыптыр митингге чыккандарды көрүп атабыз го
+1
akil.91
2017-03-27 15:43:49
Элди да туура тушунуш керек, ушул жерде иштеп курсагын тойгозуп атса. Бирок ондолушу да зарыл. Так что правительство бир жолун табышы керек. Элди да кондуруп отмокту да ондоп...
+2
Omurbek998
2017-03-27 15:58:11
Ондош керек центральный жер болгондон кийин 80 адам иштесе ал жерден мин адам кирет бир кундо бирок соодагерлерди да ыраазы кылып койсо жакшы болот
+2
engel
2017-03-27 16:10:33
Ondolsun da kachanga ch-n ele ushintip SSRdin kurup bergenin karap otura berebiz bir az aldyga jylysh kerek da. Birdeme bolso ele miting m-n korkutkanga otup alyshty baary ele.
+1
Ulan2601
2017-03-27 16:16:12
Ондолсо наборот жакшы го Бишкекти озу реставрация кылыш керек айылга айланып кете электе
+1
scorp
2017-03-27 16:21:13
элдерди кууп переходту ондош керек жесткийрек болсонор мэрия!
+1
Makain
2017-03-27 16:43:02
Ондош керек качанкыга чейин ушинтип журобуз
+2
Gulkin
2017-03-27 16:49:12
ондошсун бирок местолорун кайра сатпайле жонле беришпейби кыскартып анан сатып жаман корунбой
-2
noname
2017-03-27 17:58:39
ондой турган жер толтураго,ал жердегилер мен билгенден кредит алгандары да бар
-1
sabyr86
2017-03-27 19:18:01
Булардын соодасы токтоп калат деп да ойлонолубу.оңдошсун көп болсо бир айда бүтөөр.ар ким өзүн ойлобой мамлекетти да ойлоп коүгула.кичине шаарга окшошуп калсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан