Бишкектеги таштанды таштоочу жайда балдарын иштеткендер ата-энелик укугунан ажыратылат

"Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системи" долбоорун ишке ашырууда шаардык таштанды таштоочу жайдын кызматкерлери менен Свердлов жана Биринчи Май райондорунун башкармаларынын өкүлдөрү, долбоорду ишке ашыруучу топ жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугуунун негизги максаты таштанды таштоочу жайда иштегендерге ар тараптан жардам көрсөтүү, ошондой эле юридикалык консультация берүү, документ, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, медициналык жардам, жөлөк пул, материалдык жардам алууга, жумушка орношууга, балдарды билим берүү мекемелерине орноштурууга көмөк көрсөтүү жана балдардын ден соолугуна кооптуу жерде иштетүүгө жол бербөө болгон.

"Жолугушуунун жыйынтыгында 5 жумушчу Свердлов районунун социалдык өнүгүү башкармалыгына жазылышты. Мындан сырткары ата-энелерге балдардын таштанды таштоочу жайда иштөөсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгер мындай окуялар болсо, андай жарандар ата-энелик укугунан ажыратылат, ал эми балдары муниципалдык мекемеге жайгаштырылышат. Бул багытта иштер улантылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bubu88
2017-03-27 12:20:51
Жакшы болмок балдарын бага албагандан кийин аларга баланын эмне кереги бар
-6
Krai
2017-03-27 13:50:42
Bubu88,сен дайыма куюшканга кыпчылган ХХХ окшоп кыпчыласын да турасын 2 созду эптеп джаза албагандан кийин жазып кыжырды келтиргендин эмне пайдасы бар . Эмнеге бала керек эмес аларга озундой ойлобо сага баланын кереги жок болсо аларга керек алар эмне жыргаганынан ошол сасык жайда иштеп атат дейсинби ошол балдарын багам дер журушот кудайга шугур деш керек акча табам бала багам деп уурулук кылбаса сойкулук кылбаса бироону алдабаса Бул да болсо жараткандын сыноосу Ким билет эртен эмне болоорун
+1
admin_portal
2017-03-27 13:56:51
Krai, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Krai
2017-03-27 13:52:51
Bubu88, адал тамактын уяты жок Ким каерде болбосун адал мээнети менен тапсын
+1
Bubu88
2017-03-27 16:17:51
Krai,мен уят дебедим
0
Santini
2017-03-27 13:08:08
Укуктан ажыраткандан мурун, ошол балдарын таштандыда иштетпегидей шарт тузуп беришсе болмок. Жолок пул, ар кандвй материальный жардам. Же ата энелерин жумушка орноштуруп. Жыргаганынан иштетип жатышыптырбы.
+5
Bubu88
2017-03-27 14:42:07
Бага албаса өткөрүп берсин өкмөткө балдарын антип таштанды чукуттурбай ал жакта эмне деген оорулар бар
-4
Bubu88
2017-03-27 14:47:15
Азыр көп эле кезиктиребиз ата энеси үйдө жатып алып балдарын тилемчилике чыгарат базарга кагаз пакет чогулттуруп араба турттуруп коюп өздөрү үйүндө жатат
-1
Bubu88
2017-03-27 15:20:25
Азыр таң каласын аялдарга, өздөрү баш калкалаар жери жок жеерге тамагы жок жүрүп майда майда кылып төрөп анан анысы аз келгенсип боюнда бар. Анан көчөгө тилемчилике чыгып алышат мен баламы бага албай калдым мага жардам керек мага үй керек ачка калдык дешип. Азыр бирөөгө жардам бермек түгүл озуну эптеп калган заман олбо жаным олбо мн жашай сын. Ошол акыбалын билгенден кийин үйү жок жүргөндөн кийин эмнеге баланы кор кылат азыр бирөөнүн баласын эмес өзүнүн баланы зорго багасын го же калппы
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан