"Уурулар бизди сабап, буту-колубузду байлап, "Тез жардам" жөнөтүп ийебиз" деп чыгып кетишти"

Тоң районунун Кара-Шаар айылынын жашоочусу Сейил Ибраеванын айтымында, 16-марттан 17-мартка караган түнү үйүнө белгисиз 4 адам кирип келип, жолдошу жана өзүн токмоктоп, 141 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып кетишкен.

Үйдө ал күнү жолдошу экөөнөн тышкары, 13 жаштагы жээни болгон.

"Үйдө мен, жолдошум жана сиңдимдин 13 жаштагы баласы бар болчу. Биринчи 2 адам кирип келди, колдорунда таш жана бычак бар экен. Алар дароо күйөөмдү басып жыгылды, артынан дагы эки бала кирип келип мени таш менен чапты. Үчөө беткапсыз, бирөө беткап кийип алыптыр. Беткап кийген, узун бойлуусу жаныма келип, "алтындарыңдын баарын чеч, акчаңдын баарын алып чык" деди. Мен аны үнүнөн өзүбүздүн эле айылдык бала экенин тааныдым. Калган үчөө бейтааныш. Коркконумдан акчамдын баарын бердим", - дейт С.Ибраева.

Ал белгилегендей, үйүндө насыяга төгө турган акчасы болгон. Акчаны алган соң тоноочулар үчөөнүн тең колун зым менен байлап, үстүнө жууркандарды таштап, "эртең менен "Тез жардам" жөнөтүп ийебиз", - деп чыгып кетишкен.

"Мен эптеп колумду бошотуп бир короодо турган ата-энеме бардым. Алар дароо ооруканага алып барышты. Милиция келгенде окуяны толук айтып бердим. Балдардын бирин тааныганымды, биздин айылдык экенин да айттым. Бирок милициялар такыр ал балага сөз тийгизбей коюшту. Бир канча ирет кылмышкерди таанып деле бердим, бирок алар менин көрсөтмөмдү тергөөдө эске албай жатышат. Ишти Автандил деген тергөөчү иликтеп жатат. Кылмыштын башы кайда жатканын билип жатам. Буга чейин айылдык 2 бала менен жаңжалдаша кеткем", - деп кошумчалады Сейил Ибраева.

Райондук милиция кызматкерлери С.Ибраеванын үйүндөгү сегиз балалуу келинин суракка алып, ал кылмышка шектүү катары каралып жатканын да айтып өттү.

Ал эми ишти тергеп жаткан тергөөчүгө байланышканыбызда, бул боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу толук маалымат берүүдөн баш тартты.

"Бул кылмыш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү 4 жаран камакка алынып, күнөөлөрү далилденди. Алардын арасында Сейил Ибраева көрсөтмө берген балдар бар же жок деп айта албайм. Иш жүргүзүлбөсө, эч ким камакка алынмак эмес да, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деди тергөөчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-03-28 22:42:05
Кудай эле сактасын..уурулар кобойду....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан