Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда Бишкек-Ош унаа жолунун 248, 252, 255-чакырымдарында кар көчкүлөр түшүп жол каттамы жабылган.
"Унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Саат 06:00дө Чүй облусундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусундагы "Арал" постуна бардык унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Ошого байланыштуу ушул багыт боюнча жолго чыкпай турууңуздарды сунуштайбыз. Өзгөчө кырдаалдар катталган учурда 112 бирдиктүү номуруна кайрылыңыздар", - деп айтылат ӨКМнын билдирүүсүндө.