5 суткага камалып чыккан активисттер: "Бизди эң жаман шартта, чыныгы түрмөдө кармашты"

18-мартта сөз эркиндигине арналган жөө жүрүштө кармалып, 5 суткага камалып чыккан жарандык активисттер бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынын өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө коомдук ишмер Расул Умбеталиев: "Бизди ар бирибизди башка-башка бөлмөгө алып кирип протокол толтурушту. Свердлов райондук соту 5 күнгө камалышыбызды билдирген протокол менен тааныштырган жок. Бизге түштөнүүдө макарон менен суу беришти. Бизди эң жаман шартта, чыныгы түрмөдө кармашты. Биз 3-революцияга каршыбыз. Мен буга чейин кандуу революцияларга катышып көргөм", - деп билдирди.

"Жаңы муун" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков өлкө саясий кризиске кептелип тышкы саясат талкаланганын айтты. "Жакынкы өлкөлөр менен мамилебиз начарлады. Ал эми эл кыйналып куугунтук болуп атса лидермин дегендер селфи сүрөткө түшүп үн катпай отурушат. Өлкөдө 500дөй адам чет өлкөдөн өлүп келүүдө. Ошондой эле бир канча чечилбеген көйгөйлөр келип чыкты. Тез арада парламент сөз эркиндигин жана өлкөдө болуп жаткан маселелерди талкууга алышы керек. Өлкөбүз эртең жок болуп кетүү коркунучу алдында турат", - деген ойдо Аскарбеков.

"Бир убакта 1937-жылы саясий куугунтук көрсөтүп саясий лидерлерди тукум курут кылышкан. Биздин камалышыбызды да саясий куугунтук кылышты. Куугунтуктар жүрүп отурса жакшылык болбойт. Атамбаевден куугунтукту токтотууну талап кылабыз. Президент элдин пикирин укпай туруп конституцияны өзгөртүп койду. Атамбаев турганда таза шайлоо болбойт. Жеке оюн айткандарды да миллиондорго жыгып жатат. Баарыбыз биригип адилеттик үчүн күрөшүшүбүз керек", - деген пикирин билдирди активист Айбек Мырза.

Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө активисттер жаштарды, студенттерди өз ойлорун айтып чыгууга чакырышты.

Эске салсак, 18-мартта өткөрүлгөн жөө жүрүштө Мухит Мамытов, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев жана Азамат Аттокуров 5 күнгө Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Samina007
2017-03-27 12:14:34
Түрмөгө жыландын баласын да түшкүлүк кылбасынго.түрмө деген түрмөда эмнени күттүңөр эле
+3
Bubu88
2017-03-27 12:18:54
Экинчи митинг дегис болосуңар эми уйунордо тыынч отургула кудайга тообо кылып
-11
021279
2017-03-27 12:32:06
2005 жылы, 2010жылы жалпы элдик революция болгон. 60-70 адам Кыргызстандын тагдырын чечпейт. Силерди туура кылган. ГКНБнын имаратына чабуул кылбай, паркта эле митингинерди откоро бербейт беленер
+1
evra_kg
2017-03-27 13:03:32
туура айтыптыр кыргызстан жок болуп кетиши соз болбой деле калды.
озу биз кыргыздар артыбыздан келип сайгылаганда анан билебиз а еми ашанын тарабын талашкандарга соз жок жапайылар
0
tyrgon
2017-03-27 13:31:07
окмотда иштегени корунбоду опазиция макрарон го нааразы
-2
bella.8712
2017-03-27 13:41:28
Кандай жапайы инсандар жашап атат арабызда озун гана ойлогон.уйундо отура берсе силерге окшоп Кыргызстан учун ким куйот
+5
sabina5
2017-03-27 13:43:21
Чала болгон силерге!Дагы оной кутупсунар!Силердин айынардан олкобузго келем деген туристер качып атат! Тынч иштеп жаткандарга, мамлекетибизге зыяндан башка эчтеме жок!"коомдук ишмер", "лидер" имиштер,тырмактай авторитетинер жок ХХХХХ!
+5
sabyr86
2017-03-27 13:46:36
Кадимки түрмөгө камабай анан эмне силерге башка түрмө салсынбы.ырас эле кылат силерди 10 күн камаса болмок,тишиңердин кирин сордуруп.
+8
Kok-zhal
2017-03-27 13:47:59
Силерди активисттер эмес, дүрбөлөңчүлөр десе жарашат. Илгеркилердей кылып орго таштасада аздык кылат...
+7
Gema
2017-03-27 14:49:25
Чала болуптур...
+6
HAKER-KG
2017-03-27 14:49:30
Калп эле сындай бересинер чынында мамилекет оор акыбалда ушул убакытта Атамбаев кетириш керек
-3
jonne
2017-03-27 15:50:35
HAKER-KG, Атамбаевти президенттиктен кеткенден кийин сурака чакырып сурак алыш керек !!! Президенттибиз президентиктен тушкондон кийин камап койшат Деп коркуп жолун тазалап атат. Кун откон сайын журоктору Тушуп атат камандасынын
-3
ais9
2017-03-27 17:04:41
Ий ары жоктор:"Бизди эң жаман шартта, чыныгы түрмөдө кармашты" деп)))) Бузукулар элдин тынчтыгын алган!


+5
Aitunuk
2017-03-27 17:25:06
Закон алдында баары бирдей, ызы-чуу чыгаруудан мурда жоопкерчиликти да ойлонуш керек, кайдан ойгонуп калам деп. Демократия десе эле шымын башына кийип алуу эмес.
+3
aydinnur
2017-03-27 17:55:45
Сооп болуптур дегенден башка айтаарым жок(((батыштын акчасына 3-революция кылабыз деп дүрбөтсөңөр дагы көбүрөөк убакытка камалсаңар,макарон да көздөн учат))мен билгенде беш бармак анан Бакиевден калган манты бар эле алпарып бермек экемин..кап айе))
+2
Nurkyz1977
2017-03-27 21:22:59
Турмодо эмес чыныгы жашоодо деле сууга макарон бышырып жегендер бар,бийлик элди ойлобой оз кызыкчылыгы менен алек болуп калды ошон учун кыргызстан 98орунду ээледи да жашоосу катаал олколордун катарын толуктап. Макарон жегенине кейигенче акыйкаттын жоктугун айтып кейисен боло кара курсактын арманын айтпай.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан