Рак илдетинен жабыркаган 18 жаштагы ирландиялык кыздын көзүнө жаш алып, элден жардам сураган видео-кайрылуусунан көп өтпөй, чоң суммадагы акча топтолду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда видео интернет аркылуу дүйнө жүзүнө тарап кеткенден кийин аз убакыттын ичинде Шантелдин рагын дарылоо үчүн чогулган акча каражаты 740 000 долларга (болжол менен 51 миллион сом) жеткен.
Шантель Тайнан рактын чанда кездешүүчү формасы - Лангеран системинин клеткаларынын гистиоцитозу менен ооруйт. Анын видеосу 12-февралда жарыяланган. Видеодо Шантель коомчулуктан АКШга барып дарыланып келүү чыгымын төлөп берүүсүн өтүнүп, жардам сурап кайрылган. Ошондой эле Техас штатынын Хьюстон шаарында дарылануусу анын "акыркы мүмкүнчүлүгү" экенин айткан.
"Ракты жеңүү мүмкүнчүлүгүм пайда болгонуна кубанычтамын, бактылуумун. Техастагы дарыгерлер эгер мен 12 айдын ичинде ал жакка барып дарылансам, менин аман калышыма жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк экендигин айтышкан", - деп айткан Шанель.
Ал эки күндөн кийин, 29-мартта өз өлкөсүнөн Техаска дарылануу үчүн сапар алмакчы.