Өзбекстандын Ravon Nexia R3 автоунаасы эми Казакстандын Костанай облусунда куралып, чыгарыла баштайт. Тийиштүү келишимге 23-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Казакстандагы иш сапары алкагында өткөн бизнес-форумда кол коюлду. Казакстан тарап бул келишимге кол коюлушун "көптөн күткөн окуя" деп атады. Азыркы учурда Өзбекстан менен Казакстандын авто чыгаруучу компаниялары сүйлөшүүнүн акыркы этабын жүргүзүп жатышканын жазышты коӊшу өлкөнүн ММКлары. Казакстан алгачкы жылы аталган автоунаадан 3000 даананы, кийинки жылдары 7000 даанага чейин чыгарууну пландоодо.
Өзбекстандын Ravon Nexia R3 автоунаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 1500 куб сантиметрди түзүп, базардагы орточо баасы 8500 доллар. Казакстанда чыгарыла баштаса, коӊшу өлкөдө автоунаанын баасы арзандайт деген жоромолдор айтылып жатат. Өзбекстанда авто өндүрүшү жакшы жолго салынган. Түштүк Корея, Германия өӊдүү өлкөлөр менен биргелешкен долбоорлор иштейт.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрында Өзбекстанга расмий сапары менен барып, сапар алкагында Самарканд шаарындагы "Man Auto-Uzbekistan" заводунда да болгон. Автоунаа чыгаруу жаатында Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда азырынча келишим жок.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 22-мартта Казакстанга расмий иш сапары менен барган. Анын президент катары биринчи иш сапары 6-мартта Түркмөнстанга жасалган.