Садык Шер-Нияз шаардагы аялдамаларда фирмалардын аттары жазылып турганына нааразы болду

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз борбор калаадагы аялдамаларда фирмалардын аттары жазылып турганына нааразылыгын билдирди.

“Мурда биз студент кезибизде Манас кинотеатрынын аялмадасынан токтотуп коюңузчу дечүбүз. Азыр кантип айтабыз? Фирмалардын аттары жазылып турат. Аялдамалардын тарыхый аттары бар да. Жарнактар боюнча чогуу иш алып баралы”, - деди ал.

Ошол эле учурда эл өкүлү мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевден канча окуучу мектепти кыргыз тилинде бүтүрүп жатканын сурады. Ишекеев бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Садык Шер-Нияз: “Кантип мониторинг жүргүзөсүздөр, кантип иштейсиздер? Фейсбук социалдык тармакта кыргыз тилинде жакшы жазган 10 адамды атап бере аласызбы? Жок. Азыркы учурда фейсбукта 90 пайыз калк отурат”, - деди.

Мындан тышкары депутат мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин байланышы үзүлүп жатканын айтты.

“Аткаруу бийлигиндегилерди урушуп жатса да, “сиз абдан туура айтып жатасыз” деп кутулуп кетишет. Берилген тапшырмаларды аткарышпайт”, - деди Садык Шер-Нияз.

Аталган комитетте “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу каралды. Депутаттар кийинки жыйынга мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасын даярданып келүүсүн айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-03-27 15:40:16
Фотосу мумкунбу "Супер Инфо" (аялдамалардын)
0
akil.91
2017-03-27 15:41:10
Королу и билели тактап о чем идет речь...
0
kamchatka
2017-03-27 16:01:50
Качан болсо эле нааразы болуп журот же ьир иштин одосунон чыкпайт.
-5
Ulan2601
2017-03-27 16:10:39
kamchatka,Озун кыйратып аткандай суйлобо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан