"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксы райондук маданият бөлүмү: "Борбордук маданият үйүнүн бүтүн шифери жок. Чатырынан суу тамчылап жатат"

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук маданият үйүнүн шиферлери жарылып суу тамчылап жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Аксы райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Мавлюда Ниязалиева билдирди.

"Кербен шаарындагы борбордук маданият үйү 1988-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө эскилиги жетип отурат. 30 жылга жакын убакыттан бери чатыры алмашкан эмес экен. Быйылкы калың кардан улам шиферлердин бүтүнү калган жок. Баары сынып жарака кеткен. Жамгыр жааган сайын суу тамчылап жатат. Буга чейин айрым бөлүктөрүн оңдоп жаап жүрчү элек. Имараттын абалы боюнча район акимине, Маданият, маалымат жана туризим министрлигине кайрылдым. Жыйынтыгы кандай чыгат белгисиз. Тез арада чатырын жаап, тамчыны токтотпосо дубалдары эзилип кетиши мүмкүн", - деди Ниязалиева.

Маалыматка ылайык, маданият үйдүн чатырын жаңылоого райондук Архитектура жана курулуш ишканасы сметалык баа боюнча 1,5 миллион сом жумшаларын билдирген.

Эске салсак, буга чейин окурман "маданият үйүнүн абалы оор, чатырынан суу тамчылап жатат" деп "Элдик кабарга" маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kerben1996
2017-03-27 17:24:24
Чындыгында ошондой....
0
Kerben1996
2017-03-27 17:27:35
Супер инфого кабарлап отура бербей, мамлекетке кайрылса болбойбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан