Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында Анатолий Карповдун Шахмат академиясы ачылат

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында Анатолий Карповдун Шахмат академиясы ачылары премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун эркектер арасында шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгонун Өкмөт үйүнөн билдиришти.

Анатолий Карпов Бишкек шаарына 25-мартта шахмат боюнча балдар арасында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышуу үчүн келген.

"Сиз көптөгөн муундардын кумирисиз, шахмат сүйүүчүлөр үчүн тирүү легенда, мен сиз менен Бишкек шаарында жолукканыма кубанычтамын. Сиздин келишиңиз жаш шахматисттер үчүн улуу гроссмейтер катары дайыма алардын эсинде кала турган жагымдуу окуя болду. Бул шахматка кызыккан, өсүп келе жаткан муундарга дем бере турган маанилүү турнир", - деген Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда Анатолий Карпов советтик спортсмендердин ийгиликтери, аны менен катар Кыргыздын спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу эскерүүсү менен бөлүштү. Ал Кыргыз Республикасынын шахматчылары менен жакшы тааныш экенин жана жергиликтүү шахмат мектебин да жакшы билерин баса белгилеген.

"Биринчи жолу Кыргызга мындан 40 жыл мурда атайын адистештирилген шахмат мектебинин ачылышына келгем. Андан кийин дайыма Ысык-Көл жээгинде татаал турнирлерге даярдануу үчүн келип турчумун. Сиздердин өлкөдө күчтүү шахмат мектеби болгон, анын учу азыр да куру эмес. Мен бул жакка келүү боюнча чакырууну чын дилимден кабыл алдым", - деген Анатолий Карпов Кыргыз Республикасынын Шахмат Федерациясы менен биргеликте, Бишкек шаарында автордук Шахмат академиясын ачуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

"Мен ишенем, аталган мектеп балдардын шахматка кызыгуусун арттырат, буга чейинки башка мамлекеттерде иштеп жаткан академиялар ийгиликтүү иштеп, жаштар арасында шахматка кызыккандардын саны өсүүдө", - деп айткан гроссмейстер Анатолий Карпов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jyrgal8
2017-03-27 17:35:17
академияга канча жаштан канча жашка чейн кабыл алынат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан