Тхэквондо боюнча босниялык 16 жаштагы чебер Керим Ахметспахик 35 секунддун ичинде 111 бетон плитасын башы менен талкалап, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыккан.
Рекорд ишемби күнү Високо шаарында катталган. Роликте жаш чемпион бетон плиталарынын арасында тоңкочук атуу менен аларды талкалап жатканын көрүүгө болот.
Андан кийин көрүүчүлөр кол чаап, Керим рекорд койгон соң баарына ыраазычылыгын билдирген:
"Максатыма жетүүгө жардам берген ата-энеме, машыктыруучума жана баарына рахмат".