Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион эртеңки оюнга толугу менен даяр боло элек

Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиону эртең түштөн кийин оюнга даярдалып бүтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Футбол федерациясынын адиси Атабек Жанжигитов SUPER.KG порталына билдирди.

"Жаан жаап күн жылуу болбой жатканына байланыштуу оюн талаасындагы чөп өспөй калды. Ал эми калган даярдыктарды көрүп, жарнактык тактайларды илип жатабыз. Бүгүн түндө жаан жаайт деген болжол менен отургучтарды эртең жууганга калтырдык. Ал эми калган даярдыктар көрүлдү", - деди Жанжигитов.

Стадиондо 18 миң 350 орундук бар. Мелдешке канча билет сатылганы боюнча жыйынтык чыгарыла элек. Эсептөөлөр эртең чыгарылат.

Футбол талаасынын ички көрүнүшү канааттандырарлык дегени менен, сырткы көрүнүшү кейиштүү экенин көрүүгө болот. Бийик дубалдарынын шыбагы түшүп, кыштары сынып баратканын байкоого болот. Ал тургай айланасында топтолгон таштандылар алынбай жатат.

Эске салсак, эртең Кыргыз өлкөсүнүн футболчулары Макао өлкөсүнүн командасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-27 22:18:08
Зээнин кейийтго аттиң стадиондун абалын көрүп,жада калса отургучтарга сандарды кылдаттык менен жазган эмес чачып боёкту.
+7
scorp
2017-03-27 22:18:58
Реставрация кылыш керек срочно, тезинен.
0
scorp
2017-03-27 22:21:26
Митинге каяктагы толку жок саясатчыларды колдоп чыкпай ушуга окшогон койгойлорду айтып митинг кылышса жакшкы болмок
+9
Edward.14
2017-03-27 22:28:48
Келерки президент кичине спортко кызыккан адам болсо экен!Акчага эмес!
+8
nemo2016
2017-03-27 22:32:40
кана мерс минип жургондор ондоп койсо озунун каражатына эле сооп болот волга мерс дебей
+7
Rasul94
2017-03-27 22:32:57
болбойт мынагы стадион.
+7
Rasul94
2017-03-27 22:35:50
тоок тууарда какылыктайт.
+13
Saidulla
2017-03-27 23:05:34
Кейиштүү абалда!Келечек жаштардын колунда,мен аябай кызыгам стадион курганга Челсинин стадиону өзгөчө жагат.
+1
Tansuluu09
2017-03-27 23:25:27
Ооо Кудай уятко эртен жетишет бекен баарын тазалаганга
0
EddieNigma
2017-03-27 23:39:10
Д. Омурзаков > Олд Траффорд))
0
Medinaa
2017-03-28 00:42:48
Феликс Кулов мурнку парламентик шайлоодо "заманбап"стадионду убада кылган.Азыр эсинен чыгып калса керек. (
+4
Rasul94
2017-03-28 21:05:24
Medinaa,мен депутат болуп калсам эгер стадионду ондоп анан ар бирине 1каптан комур берем
0
shankol88
2017-03-28 01:06:49
Жегичтер ушуга окшогон нерсени карабайт.жесе болду качан жакшынаа стадионго отурууп корот екенбиз.
0
Jakykg
2017-03-28 01:54:55
Уят уят уят!
+1
senchi
2017-03-28 02:17:48
Ото уят, бет кантип чыдайт ичи камырлар кайда журот
+2
admin_portal
2017-03-28 09:03:47
KG.Kushtarbek, aydarov..., жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт.



-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан