Insight Astronomy Photographer of the Year 2017 дүйнөлүк сынагына катышкан сүрөттөр жарыяланды. Бул сынакка космостун, алыскы ааламдардын, асмандын Жерден тартылган сүрөттөрү катышат. Жыл сайын өткөрүлчү бул популярдуу сынак бул ирет 9-жолу өттү. Андагы сүрөттөрдү көрүп коюуну сунуштайбыз.
Детройтто тартылган кызыл Күн.
Нортумберленд жээгиндеги түндүк жаркырагы жана маяк.
Юта штатындагы жылдыз тректери (жылдыздар треги - жылдыздардын жолу).
Эгиздер жылдызындагы Медуза планетарлык туманы. Байыркы грек мифтериндеги Медуза Горгонанын атынан коюлган. Анын узундугу болжол менен 4 жарык жылына барабар, ал эми Күндөн 1500 жарык жылына алыс. Өзүнүн көлөмүнө карабастан ал күңүрт жана аны байкоого оор.
Жер Ортолук деңизинде Саманчынын жолунун көрүнүшү.
Акрополдун үстүндөгү Айдын эң чоң көрүнүшү.
Кытайдагы Эрдостогу жылдыздар треги.
Үч бурчтук жылдызындагы Sc тибиндеги спиралдуу аалам. Диаметри боюнча биздин ааламдан 2 эсе, Андромедадан 4 эсе кичине. Анын диаметри 50 миң жарык жылына барабар.
Андромеда ааламы. Жергиликтүү топтогу эң ири спиралдык аалам. Анда 1 триллион жылдыздай бар. Жерден 2,52 миллион жарык жылына алыс.
Исландиядагы түндүк жаркырагы.
Даниядагы көк кытан жана күндүн батышы.
Массачусетс штатындагы Саманчынын жолу.