Казакстандын Алматы шаарында кыргыз мигранттары "Жаз майрамы" аталышындагы майрамдык иш-чара өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз диаспорасынын мүчөсү, активист Алдаяр Маматов билдирди.
"Алматы шаарында базарда иштеген кыргыз мигранттары чогулуп, жаз майрамдарына карата маданий жана спорттук иш-чара өткөргөнү жатабыз. Мында кыргыз боз үйү тигилип, улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт. Ошондой эле унутта калып бараткан улуттук каада салттар көргөзүлүп, салтанаттын катышуучуларына улуттук даамдар тартууланат. Иш-чара 29-март күнү белгиленет", - деп билдирди Маматов.
Соңку жылдарда алынган маалыматтарга ылайык, Казакстанда 113 миңдей кыргыз мигранттары эмгектенет.