Huawei компаниясы жээги жок смартфон чыгаруунун үстүндө иштөөдө

Кытайлык Huawei компаниясы жээги (рамкасы) жок смартфонду чыгаруунун үстүндө иштөөдө. Бул тууралуу аталган компаниянын Керектөөчүлөр бөлүмүнүн башкы мүдүрү Ю Чэндун чет элдик басылмалардын бирине маек берип билдирген.

Маалыматка караганда телефондун үстүнкү бөлүгүн жалаң гана экран ээлейт. Жаңы телефондун качан чыгары азырынча белгисиз. Ошондой эле анын алдынкы камерасынын болор-болбосу да айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Huawei 2016-жылы 139 миллион смартфон саткан. Ал эми 2016-жылдын аягында экранынын диагоналы 5,09 дюйм, дисплейи оң жана сол жактарга ийилип турган Honor Magic телефонун иштеп чыккан. Учурда жасалып жаткан смартфондун төрт тарабында тең жээктери болбойт.

Буга чейин Xiaomi Mi Mix, LG G5, LG G6 телефондору ичке рамкасы менен чыккан. Ошондой эле жакында чыга турган Samsung Galaxy S8, Galaxy S8 Plus смартфондору дагы ушундай өзгөчөлүккө ээ болору айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
evra_kg
2017-03-28 14:47:20
жакшы телефон
+2
Floweriza
2017-03-28 14:48:46
Эн жакшы мен да Huawei смартфонун колдоном,баарынарга сунуш кыламын))
+2
Nur1k
2017-03-28 15:32:50
Чынын да кытайдын качественно компаниясы. Смартфондорду жакшы чыгарышат
+2
ais9
2017-03-28 15:35:41
Xiaomi менен Huaweiде сапат жакшы, озум колдоном
+2
ekaterinburg
2017-03-28 16:46:53
Менде да Huawei бар болчу.Даттанбайм,жакшы аппарат болчу.
0
Riokyrgyz
2017-03-28 17:03:03
Meizu да аябай жакшы болот,озум колдором.Мурда. Самсунг s6 колдончум 2 ай мурун,батарейкалары слабыйлап,озу да айный баштайт.А бул кытайлардын аппаратында андай жок.баары сонун!
+1
nur_zhoni
2017-03-30 23:44:49
Riokyrgyz,сен самсунг s6 нын копиясын алып алган экенсин анда
0
aydarov...
2017-03-28 22:54:01
Сиями колдоном эн сонун апарат баасы да четкий
0
Pandora
2017-03-29 23:49:57
Huawei 9 lite эн соонун,баарынарга сунуштаймын сапаттуу сурот жана видио.Баары ынгайлуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан