Тогуз-Торо районундагы айрым айылдарда 2 метрге чейин кар бар

Тогуз-Торо районундагы айрым айылдарда 2 метрге чейин кар бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдирди.

"Азыркы тапта Тогуз-Торо районунда эң көп кар массасы жатат. Алсак, Казарман, Кара-Суу айылдарында 80 сантиметр, Атай, Арал айылдарында 1 метр 70 сантиметр, Чет-Булак, Дөдөмөл айылдарында 1 метр 40 сантиметрге чейин кар бар", - дейт Итибаев.

Ошондой эле ал 1-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын айтты. Мындан улам өлкө аймагында жер көчкү, кар көчкү, суу каптоо сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын саны артышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2017-03-28 13:02:19
Быйыл Токтогул суу сактагычы дагы толуп ашып калат Кудай буйруса . Электр жарыгына болгон баа арзандабайт. Себеби ортомчулар өзүбүздүкү.
+4
sabyr86
2017-03-28 17:28:15
Тогуз Тородо жашоо кыйын эле болуп атат,өкмөттөр эч жака кабар бербегиле укмуш жашап жатабыз дегендери м.н жашоо кыйын,камазы барлар чөп алып барып асмандын башы кылып сатып атышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан