Биз социалдык тармакта

Апрель айында аба ырайы кескин түрдө өзгөрөт, Бишкекте жылуулук берүү өчүрүлбөйт

Апрель айынын башында аба ырайынын температурасы төмөндөй тургандыгына байланыштуу Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта өткөн маалымат жыйында "Улуттук энергетикалык холдинги" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, апрель айынын башында кар жаашы мүмкүн, аба ырайы -2 градустан -3 градуска түшөт.

"Бизде өзүбүздүн нормалар бар. Мындан улам күн жылыганга чейин жылуулук берүүнү улантууну чечтик. Биздин божомолдо жылуулук апрель айынын ортосунда токтотулат", - дейт ал.

Ал белгилегендей, Бишкектеги жылуулук борборунда көмүр белгиленген убакытка чейин жетет.

Эске салсак, жылуулук берүү аба ырайы 5 күн катарынан +8 градустан төмөн түшпөгөн учурда, мэриянын буйругу менен токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2017-03-28 14:43:15
Жакшы.
-4
surgeon777
2017-03-28 17:08:40
Жылуулукту айдын 15синде бересинер да бирок айдын 1чи числосунан эсептейсейсинер,очургондо да бир айдыкын аласынар!Ар бир уйдон жегенде эле канча акча чогулуп атат,силерди козомолдогон киши жок,каалагандай эсептей бергиле.
+2
Kroxa
2017-03-28 22:45:15
Кайра кар жаайбы эми апрелде...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан