"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кара-Суу районундагы базардын жанындагы таштандылар күн сайын тазаланат" дейт райондун башчысы

Окурман 16-мартта "Элдик кабар" рубрикасына Кара-Суу районунда чоң жолдун боюнда таштанды 3 айдан бери жатканын кабарлаган. Бүгүн, 28-мартта аталган райондун административдик борборунун башчысы Тилек Матраимов SUPER.KG порталына таштандылар өз убагында жыйналып жатканын кабарлады.

"Аймагы 24 гектарга жеткен базардан күнүнө көп таштанды чыгат. "Сарай тазалык" мекемеси ал аймакты күндө таңкы саат 5тен 8ге чейин тазалап чыгат. Кечкисин иретке келтирип турушат. Окурман бир күндүк таштандыны тартып жөнөтсө керек", - деди Т.Матраимов.

Ошондой эле башчы Кара-Суу районунда учурда 2 айлык ишембилик жарыяланганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-03-28 22:47:29
Кой айланайын бир кундукко окшобойтго чирип баратканга окшойтго суротто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан