Улуу Британияда иттер жана мышыктар үчүн шарап сатыла баштады

Улуу Британияда иттер жана мышыктар үчүн шарап сатыкка чыкканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта ичимдиктин курамында алкоголь жок, ал лосось балыгынын майы, валериананын тамыры жана суудан жасалган. Шарап жаныбарларды мээримдүүрөөк кылып, уктоосуна жардам берет.

Мышыктар иче турган шараптын өңү ак, ал эми иттердики кызыл түстө. Ичимдикти ветеринарлар жасашкан. Алардын айтымында, мышык шарапты ичкенден кийин мээримдүү жана ак көңүл болуп калат. Ал эми иттердин уйкусу келе баштайт.

Жаңы шарапты ойлоп тапкан Терин Нан: "Эми сиз шарапты өзүңүз эле эмес, сүйүктүү жаныбарыңыз менен бирге ичсеңиз болот. Кээ бир адамдарга менин идеям жакпай калышы мүмкүн, бирок эң жакын досуңуз менен ичкенден жакшы нерсе жок эмеспи", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azatbek83
2017-03-28 16:07:35
Ушул эле калды эле кылбаганынар!
+2
nemo2016
2017-03-28 16:09:16
кошунанын актошуно берип уктатып урулук кыла бер экенда а
+4
Marat-m
2017-03-28 16:25:12
Кече биздин ит очуп калып тополон кылды
деп суйлошуп атканды элестетип корсонор
+4
bond02
2017-03-28 16:33:02
Ичкенден кийин мээримдуу болуп калса анда бизге да экспорттогула, ит мышыка эмес конокторго эле куялы.
+3
Jarookerjan
2017-03-28 19:02:05
bond02,Эгерде ичкенден кийин мээримдуу болуп калганы чын болсо биз анда АК УЙДОГУЛОРГО эле куялы кыргыз элине мээримдуу болуп калышса ажеп эмес.
0
bond02
2017-03-28 20:01:00
Jarookerjan,алар ичип алып тескерисинче итче ыркырап кууп журушпосун.
+2
ekaterinburg
2017-03-28 16:50:21
Менин итим чарчады уро берип...Бугун бир майрам кылып берейин...деп шарап алып жоноп калышты элестет))Тообо!
0
Floweriza
2017-03-28 19:35:48
Хе хе комментарийлерден анекдот жаралгыдай))
+3
Kroxa
2017-03-28 22:31:26
Спирти жок эле мээримдуу болуп калса халал шарап го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан