Ветеринардык инспекциянын төрагасы: "Малды идентификациялоонун I этабына Өкмөт 40 миллион сом жумшады"

Өлкөдө малды идентификациялоонун I этабына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 40 миллион сом каражат жумшап, бүгүнкү күндө Талас облусу менен Ош облусунун Ноокат районунда идентификация өнөктүгү аяктады. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов бүгүн, 28-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

"Идентификация мал жандыктар тууралуу толук маалыматтык электрондук базага киргизүү үчүн жүргүзүлөт. I этабы дээрлик аягына чыгып калды, II этабы 2017-жылдын сентябрь айында башталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн биз өкмөттөн 28 миллион сом насыя алганбыз. Аны 2018-жылдан баштап биркалардан түшкөн каражаттын эсебинен төлөй баштайбыз. Учурда жүргүзүлгөн идентификациядан 7 миллион сом түштү", - деди Жумаканов.

Ал республиканын бардык аймактарын ветеринардык адистер менен камсыз кылуу максатында идентификацияны колдоого Орусия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн 450 миллион сомдун ичинен 3 миңден ашык ветеринарларды атайын даярдоо курсунан өткөрүүгө да каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Мындан сырткары республика боюнча вакцинация өнөктүгү да башталганын айтты. Вакциналарды сатып алууда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы заводдор менен түз келишим түзгөндүктөн 39 миллион сом үнөмдөлгөн.

Белгилүү болгондой, идентификация, вакцинация иштери жолго коюлуп, өлкөдө эпизотиялык абал туруктуу сакталса, Кыргыз мамлекетинин 24 компаниясы өз азыктарын Орусия, Казакстанга экпорттой башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан