Лондондо аутизмден жабыркаган киши аны "акылы кем" деп атаган машыгуу залынын кызматкерин сотко берип, жеңип чыкты

Аутизм синдромунан жабыркаган Лондондун 30 жаштагы тургуну Кетан Аггарвал машыгуу залынын инструкторун сотко берип, дискриминацияга кабылганын далилдеп, жеңип чыкты. "Virgin Active" деп аталган жергиликтүү машыгуу залынын инструктору К.Аггарвалды "акылы кем" деп атаганы үчүн ал аны сотко берген. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда эки жыл бою К.Аггарвал интернеттен, китептерден мыйзамдарды өздөштүрүп, Virgin Active'ди сотко берген.

2015-жылы Аггарвал машыгуу залына барып жүргөндө, ал жердин кызматкери аны бир нече жолу "акылы кем" деп атаган. Ошондой эле Аггарвалдын музыканы алмаштырып коюу суранычы үчүн аны урушкан. Алгач шылдыңга кабылган тургун машыгуу борборуна расмий түрдө даттануусун билдирип, бирок анын кайрылуусу көз жаздымда калган. Мындан улам ал залды сотко берүүнү чечкен. К.Аггарвалга соттон кийин 1390 стерлинг (болжол менен 120 миң сом) акча берилип, "Virgin Active" жазуу түрүндө андан кечирим сураган. Ал эми машыгуу борборунун кызматкери жумуштан чыгарылган.

"Кимдир бирөө башка адамдын акылынын кемдиги тууралуу айтып, аны басынтканда, шылдыңга кабылгандар аларды сотко берип салышат деп ойлошпойт. Берсе да, жеңе албайт деп эсептешет. Бүгүн сотто жеңиш мен тарапта болгонун угуп, сүйүндүм. Бирок акча үчүн эмес, жеңип чыккандыгым үчүн", - деп билдирген Кетан Аггарвал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-03-28 18:44:06
Мына акыйкаттык!Мына адамдын укугу!Бизде акыйкат жок,адамдын укугу тепсендиде!Негизи оорулуу адамды кемсинткен куноо!
+4
ady-88
2017-03-28 21:11:28
Молодец. Орулуу болсо да озунун укугун коргоптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан