Ноокен районунда Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты

Ноокен районунда "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары Өмүрбек Текебаевди колдоп Ош-Бишкек жолуна митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Текебаевди коргоо комитетинин төрагасы Абдилмурат Нышанкулов билдирди.

"Депутатты коргоо аракетин баштадык. Айылдагы мекенчил жигиттер, Базар-Коргон жана Бишкекте чыгып жаткан митингчилер менен тилектештигибизди билдирип, айыл тургундары болуп 100дөн ашуун адам митингге чыктык. Арасында аялдар, пенсия жашындагы аксакалдар да бар. Митингге келгендердин саны көбөйүүдө", - деди Нышанкулов.

Маалыматка ылайык, митингчилер колдоруна "Апенди президент элдин шору", "Чындык Атамбаевге сасык жыттанат!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Учурда тартип сакчылары абалды көзөмөлдөөдө.

Эске салсак, буга чейин депутаттын тарапташтары Базар-Коргон районунда жана Бишкек шаарында митинг өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arawan
2017-03-29 14:15:23
апенди президент элдин шору атамбаевге чындык сасык жыттанат жакшы соз экен
+2
Bubu88
2017-03-29 14:48:19
Митингди койгула эч качан жакшылык мн бүтпөйт андан көрө тынч оокатынарды кылгыла уйунордо жер тырмап картошка пияз айдагыла жазга кам көргүлө Текебаев мн Жапаров барып жеринерди айдап бербейт картошка этип бербейт
+1
Bubu88
2017-03-29 14:49:19
Берсе бир нан мн суу берет аны мен деле таратып берем
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан