"Бишкексууканал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 30-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.
Маалыматка ылайык, "Башкара-Суу" суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу "Орок", "Арча-Бешик", "Ак-Ордо" (№41 квартал), "Ак-Өргө" (№40 квартал) жаӊы конуштарында жана Орок айылынын Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Селекционное, Жаӊы Селекционное, Кашка-Баш, Калтар айылдарында таза суу токтотулат.
"Бишкексууканал" башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат", - деп жазылат маалыматта.