Парламентте Өзгөндөгү жер көчкү болгон аймактагы элге жер берүү маселеси козголду

Бүгүн, 30-марттагы парламент жыйынында Өзгөндөгү жер көчкү болгон аймактагы элге жер берүү маселеси козголду.

КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев кырсык болгон жерге барганын айтты. "Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтышты. Кырдаал оор экенин моюнга алыш керек. 40 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлүп, чатырларда жашап жатышат. Аларга жер берүү маселесин чечүү керек. Бул көйгөй кийин дагы жаралышы мүмкүн", - деди ал.

Айта кетсек, Жогорку Кеӊештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Касымалиева жана Курманкул Зулушев көчкү кырсыгынан бир үй -бүлөнүн өмүрүн алган Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылына барышкан. Алар кырсыктан каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеӊештин атынан 200 миӊ сом өлчөмүндө материалдык жардам тапшырышкан. Ошондой эле эл өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу айыл тургундарынын көйгөлөрүн талкуулашты.

26-мартта Ничке-Сайдагы жер көчкү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн өмүрүн алган. Жер көчкү түшкөн аймакта көчкү дале болсо жылып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан