Кадамжай шаарында жол кырсыгына кабылган аскерлердин экөөсү жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек

Баткен облусунун Кадамжай шаарында жол кырсыгынан жабыркаган аскерлердин экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Таалайбек Маканов билдирди.

"Бүгүнкү күндө 2 аскер жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми калган 7 адам жаракат бөлүмүндө дарыланууда. Алардын абалдары орто. Дагы 10 күндөй убакытта ден соолуктары турукташса, макулдашуу менен чыгарылат. Калган 20 аскер Ош шаарындагы аскердик госпиталга которулган. Бейтапканага түшкөндөр бут сөөктөрүнөн жабыркаган", - деп билдирди Таалайбек Маканов.

Эске салсак, буга чейин 27-мартта машыгууга бараткан аскердик унаа жол кырсыгына кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tansuluu09
2017-03-30 12:35:46
Ошол аскерлердин Фамилиясын тактап илгилечи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан