Бишкекте маринаддалган бадыраңга ууланып 4 адам ооруканага жаткырылды, арасында кош бойлуу келин бар

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 29-30-март күндөрү ботулизм диагнозу менен 4 адам жаткырылды. Алардын экөө ооруканага өздөрү келишсе, экөө "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген. Биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен 30-мартта билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-мартта бейтаптар конокко барышкан (ал жерде жалпы 15 адам болгон). Алар үй шартында даярдалган маринаддалган бадыраң менен бадыраң кошулган оливье салатын жешкен. Баарына тийиштүү жардам көрсөтүлдү.

Маринаддалган бадыраңга уулангандар:

1. К. Э. 1994-жылы туулган. 8-9 жумалык кош бойлуу.

2. К. Ж. 1995-жылы туулган.

3. Т. Р. 1985-жылы туулган.

4. К. Г. 1941-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
DNurgiza
2017-03-30 13:09:24
ошондо бадыраң эски бекен? же туура эмес нерсе кошулуппу?
Эртерээк сакайып кетишсин.
0
LEGENDA.
2017-03-30 13:10:16
Кыргызча эле "туздалган" деп жазып койсо болбойбу?)
0
Kroxa
2017-03-30 22:14:05
Суусу тунук болбосо бадыранды тогуп салыш керек..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан