ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: 123 жыл мурун атактуу советтик авиаконструктор Сергей Ильюшин төрөлгөн

Мындан 123 жыл мурун, 1894-жылы 30-мартта атактуу советтик авиаконструктор Сергей Ильюшин Вологда губерниясындагы Диляево кыштагында туулган. Эмгек жолун авиамеханик болуп иштөөдөн баштаган. 1926-жылы Николай Жуковский атындагы Аскердик аба-инженердик академиясын бүтүргөн.

Сергей Ильюшин 1931-жылы конструктордук бюро уюштуруп, аны өзү башкарган. Авиаконструктордун башкаруусу алдында, согуш мезгилинде "ИЛ-4" деген ат менен чыккан учак алыска аракеттенүүчү негизги авиация болгон. 1940-жылдан баштап "ИЛ-2" сериясы чыга баштаган. Бардыгы болуп 36 миңден ашык согуштук жана чабуул коюучу учактар чыгарылган. Дүйнөдө бир да учак мынчалык массалык серияда чыгарылган эмес. Ильюшиндин жүргүнчүлөрдү ташуучу учагынын долбоорун аэрофлот 1946-жылы пайдаланууга алып, "ИЛ-12" учагы түзүлгөн. "ИЛ-14", "ИЛ-18" жана континенттер аралык учуучу лайнер "КЛ-62" аэрофлоттун флагманы болуп калган. 30 жылдан ашык конструктордук бюрого жетекчилик кылган убактысынын ичинде учактардын ондогон типтери түзүлүп, алардын көпчүлүк бөлүгү сериялык түрдө чыгарылган.

Конструктордун эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен 7 жолу, Октябрь Революциясы ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган. Ошондой эле Советтер Союзунун 3 жолку Баатыры аталган. С.Ильюшин 1977-жылы 82 жашында дүйнөдөн кайткан.

30-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан