Америкада классташтарын өлтүрүүнү пландап жүргөн кызын атасы полицияга берди

Америкалык 18 жаштагы Николь Цеварио өткөн жылдын декабрь айынан бери бир канча адамды өлтүрүүгө даярданып жүргөн. Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, ал курал жана ок сатып алып, өзү окуган Катоктин мектебиндеги күзөт кызматкерлеринин күн тартибин изилдеп чыккан.

Николь кылмышты ишке ашыруунун сценарийин даярдагандыгын атасы анын күндөлүгүнөн окуп калган. Кызынын бул жоругун билген атасы ал тууралуу дароо полицияга кабарлаган.

Николь Цеварионун сүрөтү мектепте мыкты окуган окуучу катары ардак тактадан орун алган. Мындан тышкары кылмыш иликтөө боюнча ийримдерге катышчу.

"Николь күндөлүгүнө массалык өлтүрүү планын абдан так жазып чыккан, секунддарга чейин эсептелген. Ал кайсы бир адамдарды өлтүрүүнү көздөгөн эмес. Классташтарын жана мугалимдерди тобу менен жардырууну да пландаштырып, мектепте массалык адам өлтүрүү кылмышын жасаган биринчи кыз болууну көздөгөн. Мындан тышкары ал эвакуация схемасын, мектептеги күзөт кызматкерлериндеги куралдарды, алардын иштөө жолдорун толугу менен изилдеп чыккан", - деп билдирген полиция.

Николь 18ге толгон жаран катары куралды мыйзамдуу түрдө сатып алган.

Ал эми Николь менен чогуу окугандар аны шайыр, ачык-айрым мүнөздөгү кыз катары сыпаттаган. Мындай оюн мугалимдер да айтышкан. Николь максатын ишке ашырууну 5-апрелге мерчемдеген. Кызынын күндөлүгүн окуп калып, дароо иш-аракеттерди көргөн атасы көптөгөн адамдарды өлүмдөн алып калганын полициялар айтышкан. Николь күндөлүгүнө бул кылмыштан кийин өзү да өлөрүн жазган.

Азырынча окуучу кызды мындай кылмышты уюштурууга эмне түрткү болгону белгисиз. Учурда Николь Цеварио психикалык ооруканасынан кароодон өтүп жатат. Эгер ал кылмышты акыл-эси жайында болуп туруп, максаттуу уюштурган болсо камакка алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
-Sumitra-
2017-03-31 17:28:07
Кудай сактаа!Заманыбыз эмне болуп атат?18жаштагы кыз кантип ушул ишке барганы жатат?
+2
Lion.
2017-03-31 17:34:10
Аа молодец. Бир сага окшогон бироо керек да бизге. Ак уйго барып секундаларына чейин эсептеп
Анан челектерди жардырып ийсен хехе)☺
+38
Gulkin
2017-03-31 18:02:16
Lion.,челектер де ахахах ))))
+8
Mambetali
2017-03-31 18:29:15
Lion.,Эн туура айтасында
+5
Nur1k
2017-03-31 18:06:27
Кучтууго
-3
Surgut777
2017-03-31 18:27:57
Мумкун атасы подстава кылып жатса керек
-5
Bubu88
2017-03-31 18:39:05
Америкалыктар аман эле болгула иши кылып
+2
ozgeldi
2017-04-01 19:46:23
Бир кинону коруп калган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан