Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйынында депутат Мурадыл Мамединов пенсия берүүдө “мураскерлик” системи керек экенин айтты.
Депутат жарандын пенсия жашына жетпей каза болуп калса, анын пенсиялары үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө берилишине кызыкты. Соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров камсыздандыруу фондунда топтолгон акча балдарына гана берилерин айтты.
Мурадыл Мамединов балдарына гана берилип, каза болуп калган жарандын жубайына берилбегендиги туура эместигин белгиледи.
“Эмне үчүн адам өмүр бою иштеп, анан пенсия жашына жетпей көзү өтүп кетсе, анын пенсиясы жубайына берилбейт? Мураскерлик болушу керек да. Мисалы, жубайы 5-6 баланы жарык дүйнөгө келтирип, татыктуу тарбия берип чоңойтсо, анан көзү өтүп кеткен күйөөсүнүн пенсиясын алууга укугу болбогону таптакыр туура болбой калат. Бул жерде аялынын укуктары бузулуп жатпайбы. Эне деген ыйык атын жокко чыгарып атасыңар. Ошондуктан “мураскерлик” пенсиялык системи киргизилиши зарыл. Силер бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап алып келгиле, биз таанышып, алымча-кошумчалар менен кабыл алып берели”, - деди депутат.
Депутаттын пикирин фракция лидери Иса Өмүркулов да колдой турганын билдирип, эгерде пенсия жашына жетпей жаран каза болуп калса, анын пенсиясы аялына берилиши керектигин белгиледи. Анткени жубайы эң башкы мураскерлердин бири болуп эсептелет.