Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, 2-4-апрель күндөрү Кытайга чектеш аймактагы "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттеринен өтүү токтотулат. Чек ара Кытайда "Каза болгондорду эскерүү күнүнө" карата Кытай тараптын өтүнүчү менен жабылганы жатат. Аталган өткөрүү пункттары 5-апрелде ачылып, жарандарды жана автоунааларды ары-бери өткөрүү кайрадан жанданат. Жыл сайын ушул учурда аталган өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.