Чүй облусунун тургуну, 13 жаштагы Нурдөөлөт Нурбековдун ден соолугу учурда начарлап, үй-бүлөсү каржылык жактан жардамга муктаж болууда. Ал 4-даражадагы боордун цирроз оорусунан жабыркап келет. Анын айтымында, Индияда тезинен операция жасатуу үчүн 30 миӊ доллар зарыл.
"Мен мындай ооруга кабылганымды 2016-жылдын сентябрь айында билдим. Мончого барып келгенден кийин ичим аябай шишип кетти. Ооруканага келип, дарыгерлерге көрүнсөк, боор оорусуна кабылганымды, оору улам күчөп жатканын айтышты. Эмне себептен пайда болгону белгисиз. Дарыгерлердин айтымында, боордун нерви жок болгондуктан оору билинбей отуруп өөрчүй берет экен", - дейт Нурдөөлөт.
Анын айтымында, жаӊы төрөлгөндө киндигин кесип жаткан учурда ичине инфекция кирип кеткен болушу мүмкүн. Боордун нерв клеткалары жок болгондуктан оору билинбей акырындап өөрчүй берген.
"Мурун эч жерим ооручу эмес. Көрсө, боор билинбей ооруйт экен. Бизде операция жасатууга мүмкүн эмес. Андыктан тааныштар аркылуу Индияда жасатууга болорун билдик. Алар арзандатуу менен 30 миӊ долларга операция жасоого макул болушту. Канчалык тез жасалса, ошончолук таасири болорун айтып жатышат. Азыр ата-энем каражат топтоо менен алек. Апам үй кызматкери, атам трактор айдайт".
Нурдөөлөт үй-бүлөдөгү балдардын эӊ улуусу. Андан кийин бир иниси, карындашы бар. Каарманым кош көӊүл карабаган жарандар каржылык жактан жардам кыларына үмүт кылып, банктан эсеп ачканын, Индияда операция ийгиликтүү болуп жакшы болуп кетерине ишеними чоӊ экенин билдирди.
Ошондой эле оорунун айынан Нурдөөлөттүн көкүрөгүндө варикоз пайда болгон. Бул анын тамактануусун оорлотуп, сасык тумоодо, жөтөлгөндө катуу ооруну пайда кылат. Мектеп партасында отуруп билим алып, ойноп күлөр убагында оорукана бөлмөсүндө күн өткөргөн Нурдөөлөттүн кыялдары орундалып, бул жайдан ден соолугу чыӊ болуп чыгарына тилектешпиз.