ИИМ: 7-апрелде борбордук көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө коюлат

Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына арналган иш-чаралардын жүрүшүндө айрым борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин Эркиндик бульвары менен Тоголок Молдо көчөсүнүн аралыгы жабылат. Ошондой эле Фрунзе көчөсүндөгү Раззаков, Орозбеков, Панфилов жана Эркиндик бульварынын аралыгында унаа кыймылы убактылуу токтотулат.

"Коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери 6-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иш алып барышат. Алдын ала профилактикалык ыкчам изилдөө иш аракеттерин жана коомдук саясий кырдаалдарга жол бербөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bubu88
2017-04-05 14:46:17
Кудай сактап тынч өтсүн эми жакшылап көзөмөлгө алгыла
-1
BakytAliev
2017-04-05 15:52:35
Bubu88,эже кайжакты караба сиз экенсиз да а
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан