"Тамашоунун" Жазгы фестивалынын 2-күнкү оюндары аяктады

6-май күнү борбор шаардагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” жазгы фестивалынын 2-күнкү оюндары болуп өттү. "Тамашоуго" жаңы кадам таштаган “Мисс шоу”, “НКБ”, “Тапандар”, “Восток”, “Плюс-минус”, “7+”, “Жентльмендер” командалары кыска форматта оюн көрсөтүштү. Андан соң “NutsТан”, “Самурык”, “Алтын 8”, “Ассорти”, Евраш, “31-33”, “Бороондуу Балыкчы”, “Golden Boys”, “Тамашарики”, “Серия А”, “Чолпон”, “УКГ №5” жана башка белгилүү командалар толук форматта оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөштү. 2-күнкү оюндардан Алматыдан келген “Самурык” командасынын өнөрү өзгөчө болду. Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамы “KG 77” командасынын оюнчусу Кубаныч Курманбековго ыйгарылса, “Мыкты тамаша” наамына алматылык “Самурык” командасынын “Стерванын тили” тамашасы татыды. Ал эми “NutsТан” командасы “Мыкты команда” наамын жеңип алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан