Апрель окуясынын 7 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт менен уланат. Бул тууралуу 5-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 7-апрель күнү бийлик өкүлдөрү, Апрель Элдик Революциясында курман болгондордун жакындары жана жаракат алгандардын катышуусунда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы болот.
Саат 13:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында шаар тургундары жана коноктору үчүн театралдаштырылган көрүнүш тартууланат. Андан соң Кыргыз эстрадасынын ырчыларынын катышуусунда концерт болот. Мындан сырткары ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп, кече майрамдык салют менен жыйынтыкталат.