Кыргыз окумуштуулары төө буурчак тазалоочу комбайндын конструкциясын иштеп чыгышты

Кыргыз окумуштуулары төө буурчак тазалоочу комбайндын конструкциясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу 5-апрелде Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда комбайнды келечекте айыл-чарбасында колдонууга өткөрүп берүү пландары бар. Азырынча түзүлүштүн конструкциясы текшерүүлөрдөн өтүүгө тийиш, иштелме 2016-жылдын аягында соңуна чыккан.

Машина таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев аталган түзүлүш ишке киргизилсе, дан эгиндерин тазалоочу кадимки комбайн сыяктуу эле функцияны аткарарын айтты.

"Мындай механизм буга чейин айыл чарбасында колго жасалып, колдонулуп жүрүшү ыктымал. Бирок заводдун шартында жасала элек болчу. Ал эгер колдонууга бериле турган болсо, буурчакты кабыгынан тазалоодо колго жасалуучу ишти талап кылбайт", - деди Жуматаев.

Төө буурчак тазалоочу транспортёрдук түзүлүштү техника илимдеринин доктору, академик Мурат Жуматаев, техника илимдеринин доктору, профессор Мыйманбай Алмаматов, техника илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкери Алтынбек Баялиев, инженер Мирбек Байгазиев жана лаборант Дамирбек Байгазиевдер иштеп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
roklait
2017-04-05 18:05:26
Жакшы ишиңерге ийгилик, Кыргызстанда да комбайн иштеп чыгарууучу завод курулса жакшы эле.
+1
aibars
2017-04-05 18:10:05
Жакшы жанылык, кечке жаман жанылыктарды окуй берип конул чокчу эле.
+1
Arsenal2
2017-04-05 18:45:50
Жакшы.Кереке жараса эле болду эми.буга чейин дыйкандар оздору жазаган комбайндар анчалык ийгиликтуу болгон эмес
0
oma16.02.95
2017-04-05 19:36:15
Kyrgyz okumushtuular bar beken
+2
suban78
2017-04-05 19:41:53
Балекеттер оой, азаматсынар, жакшы кабар да угат экенбиз ыя туугандар. Эми заводдон чыгаргыла иштин отосуно чыккыла. Мумкун башка мамлекеттер да сатып алар.
+4
aibars
2017-04-05 20:04:56
suban78,:))))))
0
uli89
2017-04-05 19:59:54
Жакшы экен дагы уланта бергиле
0
aziret.s
2017-04-05 20:11:28
Таласта тоо буурчак тазалоочу ушундай эле комбайнды колго жасап колдонуп жургонубузго 10 жылдан ашып калды го.
+2
Arsenal2
2017-04-05 21:26:39
aziret.s,биз азыр колдонуп жургон комбайндарга фасольду айры менен ыргытасын го.а бул комбайн бышып турган жеринен эле озу сугунуп кетет экен.мындай комбайнды Бакай атада бир дыйкан жазаган бирок ал фасольду кууп салат экен.эми муну коро жатаарбыз ошол жагын эске алышкандыр
+1
bond0202
2017-04-05 21:10:17
молодцы!
0
admin_portal
2017-04-06 09:25:24
toktor89, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан