Бишкекте 6-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу 5-апрелде Кызыл жарым ай коомунан билдиришти.
Маалыматка караганда быйыл Кыргыз жеринде ден соолук күнү улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө арналат. Анын алкагында "Депрессия, кел сүйлөшөбүз" темасында тегерек стол өтөт. Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында улгайган жарандардын катышуусунда маданий-спорттук иш-чара уюштурулат. Мындан сырткары кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун футбол талаасында футболдук мелдештер өткөрүлөт.