Депутат Бишкектеги жер алдындагы өтмөктө соода кылгандардын маселесин көтөрдү

Бүгүн, 6-апрелде парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов Бишкектеги жер алдындагы өтмөктө иштегендер тууралуу маселе көтөрдү.

"Мэрия эки жер алдындагы өтмөктү оңдойбуз деп жатышат. Шаардык бюджеттен 70 миллион сом каралган экен. Мага ошол жерде иштегендер тарабынан жамааттык арыз келип түштү. Ал жерде 25 жылдан бери соода кылып иштегендер, кредит алган кишилер бар экен. Кризис учурунда ошого жакшылап көңүл буруу керек", - деди ал.

Эске салсак, Чүй-Абдрахманов көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктүн соодагерлери мэриянын оңдоп-түзөө аракеттерине каршы экенин SUPER.KG порталына билдирген. Буга чейин мэрия Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча сынак жарыялаганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2017-04-06 10:58:42
Ээ кайсыл жерди ондоордо ушинтип чыгышат шаар ондолсунда алар соода кылсын деп бардак болуп журобериш керекби? Ал жерден отуп калсан бардак ал жерди соода кылган биринчи ошол жерден аренда чооулткан даагы бир чиновник арыз жаздыго чамасы
+1
aerforce
2017-04-06 11:00:04
Бир куну басып калсын соода кылып отурган жеринен ондолсунда акча болунгон сон ал акчада аш болуп кетелекте башка жерден оорундук беришин соода кылгандарга
0
Makain
2017-04-06 12:30:31
Шаарды ондоп жатса да жаман.Башка маселе менен кайрылбайт беленер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан